Тесты / Биология ЖРТ

Бул тест 40 тапшырмадан турат жана 60 мүнөткө эсептелген. Ал мектеп программасынын бөлүмдөрүн камтыйт: ботаника, зоология, адамдын анатомиясы, жалпы биология жана экология. Тапшырмалар фактыларды механикалык эстеөөнү эмес, мыйзам ченемдүүлүктөрдү түшүнүүнү талап кылат: биологиялык процесстердеги себеп–натыйжа байланышын аныктоо; ар кайсы хандыктардагы организмдердин курулушу жана функцияларындагы жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрдү табуу; биологиялык объектилердин курулушу менен функциясын алардын жашоо чөйрөсү менен байланыштыруу; органикалык дүйнөнүн туугандышы жана жалпы келип чыгышы жөнүндө эволюциялык тыянактарды чыгаруу; клетка, мурас жана өзгөргүчтүк, зат алмашуу, көпөйүү, онтогенез, селекция, экосистемалар жана биосфера боюнча билимдерди колдонуу. Тестте «Биогенетикалык мыйзамды ким ачкан?» же «Адамда канча кабырга бар?» сыяктуу жөнөкөй фактыларды сураган суроолор болбойт — бааланган нерсе — акыл жүгүртүү жана билимди колдонуу. Өтүү боюнча кеңештер: Болжоп жооп берүүгө убакыт коротпоңуз — кыйын суроону өткөрүп, убакыт калса кайра кайтыңыз. Логикага таяныңыз: «курулуш → функция → чөйрө → эволюция».
Убедитесь, что у вас достаточно времени