Главная / Предметы / Кыргыз тили ЖРТ / Ат атооч
Кыргыз тилиндеги сүйлөө бөлүктөрүнүн бири болгон ат атооч заттын же заттын ордуна колдонулуп, аны алмаштырып турат. Ал сүйлөмдө ким? эмне? кимдики? канча? деген суроолорго жооп бере алат.
Ат атоочтор зат атоочтун ордуна колдонулгандыктан, сүйлөмдө анын көптүк, таандык жана жөндөмө мүчөлөрүн ала алат.
Ат атоочтор маанисине жана грамматикалык өзгөчөлүгүнө жараша бир нече түргө бөлүнөт:
Жактык ат атооч: Кепке катышкан адамдарды же нерселерди көрсөтөт.
Шилтеме ат атооч: Заттын же көрүнүштүн мейкиндиктеги ордун же кепке карата жакындыгын көрсөтөт.
Суроо ат атооч: Зат, сан, сапат, кыймыл-аракет жөнүндө суроо берет.
Аныктама ат атооч: Затты бүтүндөй, жалпылап же толук түрдө көрсөтөт.
Белгисиз ат атооч: Так эмес, белгисиз заттарды же көрүнүштөрдү көрсөтөт.
Тангыч ат атооч: Белгилүү бир нерсенин же сапаттын жок экенин билдирет.
Ат атооч сүйлөмдө ар кандай мүчө болуп келе алат: